DOLON MEDIA

63 айыл өкмөтү биригип, 27 айыл аймагы түзүлөт


Өлкө башчынын  “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” Жарлыгынын  алкаганда, Нарын облусундагы 63 айыл аймагынын саны кыскарып 27 айыл аймагы түзүлөт.

Нарын облусунда пиолттук негизде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформаны ишке ашырууда, айыл аймактарына колдоо көрсөтүү максатында Министрлер Кабинетине  караштуу  Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу мамлекеттик агенттиги тарабынан жумушчу топ түзүлүп, алар учурда  дубандын райондорунда окууларды өткөрүүдө.

Алар  буга чейин Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын райондорунда болушуп, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, катчылары, кеңештин төрагалары, жайыт комитеттеринин  катышуусунда реформадан кийинки  аймактардын ишмердиги, бириккен айыл аймактарындагы айылдык кеңештердин  ишмердиги тууралуу кабыл алынган жоболор боюнча маалыматтар берилип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын статусу, укуктук негиздери, штаттык бирдиктерди аныктоо, айылдык кеңештин төрагаларын дайындоо, алардын милдеттери  боюнча маалыматтарды беришүүдө.

Бүгүн, 19-апрелде мындай жолугушуу Жумгал районунда өтүүдө.

Аймактык реформа  жүргүзүү маселеси 2012-жылдан бери эле айтылып келгени менен кандайдыр бир себептер менен ишке ашпай келген.

Реформанын максаты- башкаруу системасын ириээтке келтирүү менен айыл аймактарын өнүктүрүү.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.