DOLON MEDIA

Кызматташтык: Ханнс Зайдель фонду менен мемарандумга кол коюлду


Дубан башчы Алтынбек Эргешов Борбордук Азиядагы Ханнс Зайдель Фондунун жетекчиси, доктор Макс Георг Майер мырзаны кабыл алды.

Өкүлдүн маалымат кызматынан билдиришкендей, жолугушууда билим берүү тармагында тыгыз кызматташуу, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, Германия өлкөсүнүн мамлекеттик, муниципалдык системасы боюнча тажрыйба алмашуу иш чараларын уюштуруу багытында сүйлөшүүлөр жүрдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен Борбордук Азиядагы Ханнс Зайдель Фондунун өкүлчүлүгүнүн ортосунда кызматташуу Меморандумуна кол коюлду.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.