DOLON MEDIA

750 түп куураган бак дарактар кыйылды


Нарын шаарын жашылдандыруу иштеринин алкагында куурап, өсүүсүн токтоткон экси бак-дарактар кыйылып, тазаланып жатат. Буга чейин 750дөй эски бактар кыйылып, атайын техниканын жардамы менен тамырлары тазаланган. Мындай жумуштар калаанын Москва чөлкөмүндөгү М.Жусаев атындагы  жана Алма-Бак паркында аткарылган.

Адистердин айтымында, парктарга  суу жептегендиктен бак-дарактардын 98 пайызы куурап калган. Бүгүнкү күндө кыйылган бактардын ордуна карагайдын, мөмө берүүчү  жемиш бактардын көчөттөрү тигилип жатат.

Нарын шаары боюнча 7 парк,  17 сквер бар.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.