DOLON MEDIA

Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор жок

 

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор жок. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев соцтармактагы баракчасындагы кайрылуусунда билдирди.

“Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштү баштаганыбызда көпчүлүк ишенишкен эмес. Эми мен Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор жок экенин жоопкерчилик менен билдирем. Мындан ары жеке ишкерлер коркпостон өздөрүнүн жумушун жасай беришсин. Ал эми мамлекет мыйзамдын чегинде жеке ишкерлердин талаптарын аткарууга милдеттүү болот”,-деди ал.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.