Кыргызстандын айрым аймактарында шарп ылаңынын жаңы түрү катталган. Бирок ага карабай өлкө боюнча эпизоотиялык абал туруктуу. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Ветеринардык кызматынын зоо эпизоотияга каршы көзөмөл башкармалыгынын инспектору Кемелбек Абдылүсөнов “Азаттыкка” 3-мартта билдирген.
Ал бардык райондорго вакцина жеткирилип, ылаң аныкталган жерлерде ветеринарлар эмдөө иштерин жүргүзүп жатканын белгиледи. “Шарптын жаңы түрлөрү Европанын беш-алты мамлекетинде пайда болуп, Азербайжанга өткөн. Ал жерде ылаң жайылып, Казакстанга да тараган. Учурда Азербайжан менен Казакстанда бул ылаңды жугузган мал катталып жатат. Ошолордон бизге да бирин-серин келиптир. Биз ошол замат эле көзөмөлгө алдык”, – деди Абдылүсөнов. Ал шарптын айынан сүттү кайра иштеткен компаниялардын иши үзгүлтүккө учурады деген маалымат боюнча да комментарий берип, бул мал фермаларынын эмдөөдөн кийинки тыныгуусуна байланыштуу болушу мүмкүн деди. Шарпка каршы эмделген уйлардын сүтүн 21 күнгө чейин кайра иштетүүгө болбой турганын түшүндүрдү. Буга чейин Нарын облусунун аймагында шарп ылаңы менен ооруган ири мүйүздүү малдардын дарты оор отүп жаткандыгы кабарланган.
Ылаңдаган мал жем-чөп жей албай, оозунан шилекейи куюлат. Ооздун былжыр челинде көп майда ыйлакчалар пайда болот, ал бат эле жарылып, жарага айланат. Вирус ылаңдаган малдын заңы, заарасы, шилекейи жана сүтү менен сыртка бөлүнүп чыгат. Кишиге ылаңдаган малдан, чийки сүтүнөн жана андан даярдалган сүт азыктарынынан жугат.



