DOLON MEDIA

Кыргыз журналистикасына 99 жыл

Бүгүн, 7-ноябрда  Маалымат жана басма сөз күнү. Бул күнү Кыргыз журналистикасына 99 жыл толду.

7-ноябрь 1924-жылы кыргыз тилдүү туңгуч “Эркин Тоо”, азыркы “Кыргыз туусу” гезитинин алгачкы саны жарыкка чыккан. Бул дата 1993-жылы өкмөттүн токтому менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын, радио, телеберүү жана  басмакананын бардык кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары бекитилген.

Расмий эмес түрдө “төртүнчү бийлик” деп аталган журналисттердин эмгегинин аркасында жалпы коомчулук  өлкөдө жана чет жакта болуп жаткан  окуялар тууралуу көрүп, окуп, угуп кабардар болуп турушат. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери өлкөдөгү бардык урунттуу окуяларды чагылдырууда, калыстыкты, акыйкаттыкты жана жалпы элдин кызыкчылыгын башкы орунга коюп, күнү-түнү талыкпай эмгектенип, элди акыркы маалыматтар менен камсыздап келишет.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.