DOLON MEDIA

7-8-ноябрь  “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү” күнү

Кыргызстанда 7-8-ноябрь – “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү” күнү деп жарыяланып,  бул  тууралуу КР Президентинин Жарлыгы 2017-жылы 26-октябрда чыккан.

Муну менен 1916- жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнө, Октябрь революциясы, репрессиянын  кесепеттерине, Улуу Ата Мекендик согуштун жана Эгемендикти алгандан кийинки революцияларга  тарыхый баа берүү менен тарыхый эстеликтерди реконструкциялоо жана көркүнө келтирүү, элибиздин өнүгүүсүнүн өзөктүү этаптарына илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү максат кылынган.

Бул күндөрү өлкө аймагында көп улуттуу кыргыз элинин жашоо-турмушундагы маанилүү тарыхый окуяларына, ата-бабалардын жана тарыхый инсандардын элесине таазим этүүгө арналган иш-чаралар өтөт.

Бүгүн, 7-ноябрда “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү” күнү белгиленип, кыргыз мамлекетинин бүтүндүгү, ɵсүп-ɵнүгүшү үчүн кан-жанын берип, тарыхта татыктуу из калтырып кеткен, 19-кылымдын башында кыргыздан чыккан Тайлак баатырдын, Октябрь революцияынын женишине зор салымын кошкон Таабалды Жукеев-Пудовкиндин жана мамлекеттик, партиялык саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин эмгектери эскерилип  айкелдерине  гүлчамбарлар коюлуп, куран окулду.

Эскерүү иш-чарасында  кыргыз мамлекеттүүлүгү, кыргыз эли үчүн жанын курман кылган ата-бабаларга таазим этип, алар түзүп берген жаркын жашоону, эгемендикти, мамлекетти кɵздүн карегиндей аздектеп, кийинки урпактарга ɵткɵрүп берүү менен бул күндүн маанисин жаш муундарга туура түшүндүрүү милдети турганы белгиледи.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.