Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы кыргыз тилиндеги жасалма интеллекттин AkylAI – Акылай 2.0 жаңы версиясын чыгарганын жарыялады.
Жаңыланган версия колдонуучуларга кеңейтилген мүмкүнчүлүктөрдү жана колдонуунун жеңилдигин сунуштайт.
Санариптештирүүнү жана улуттук маданиятты сактоону колдоо максатында кыргызстандык иштеп чыгуучулар тарабынан түзүлгөн долбоор кесиптик жети багытты бириктирет. Алар юрист, журналист, котормочу, бухгалтер, программист, педагог жана психолог.
Белгиленгендей, Акылай 2.0 тиркемеси документтерди түзүүгө жана оңдоого, ошондой эле DOC форматындагы тексттер менен иштөөгө, анын ичинде файлдарды жүктөө жана көчүрүп алуу мүмкүнчүлүгүн берет. Бул жасалма интеллект кыргыз тилдүү ар кыл тармактагы адистер үчүн алмаштыргыс курал.