Бул маалыматты Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу-методикалык кабинетинин башчысы Астра Асаналемва маалымдады. Алгач райондук турга 578 окуучу катышып, алардын арасынан 1-2 -орундарды камсыз кылган 21 окуучу облустук турга жолдомо алышкан. Облустук олимпиадада 11 окуучу 1-3- орундарга ээ болушту. Бул Нарын облусу боюнча командалык эсепте биринчи орунга ээ болушту. Облусттук олимпиада 27-28 февраль күндөрү өткөрүлгөн.



