DOLON MEDIA

Кочкор-Атада сел жүрүп, өспүрүм бала каза тапты

Жалал-Абад облусунда бүгүн 17-июнда селден бир өмүр кыйылганын жергиликтүү бийликтен кабарлашты. Кочкор-Атада саат 17:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Момбеков айыл өкмөтүнүн Эски Кочкор-Ата, Бостон айылдарында кокту-колоттон аккан суу чогулуп, сел жүргөн. Мунун кесепетинен Эски Кочкор-Ата айылынын тургуну, 10 жаштагы бала сел суусуна агып, каза болгону маалымдалды. Баланын сөөгүн жергиликтүү тургундар саат 19:10до таап, жакындарына өткөрүп беришти. Жеринде тактоо иштерин жүргүзүлүп жатат. ӨКМ кызматкерлери жана Жарандык коргонуу комиссиясы тартылып, сел каптаган аймактагы тургундар эвакуцияланууда.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.