DOLON MEDIA

болду

Абактагы журналист Айке Бейшекеевага эл аралык сыйлык ыйгарылды

Temirov Live каналынын тогуз айдан бери тергөө абагында отурган журналисти Айке Бейшекеева эл аралык Cena Gratias Tibi сыйлыгынын лауреаты болду. Чехиядагы “Зарлаган адамдар” бейөкмөт уюму кыргызстандык журналистке адам укуктарын коргоо жаатындагы каармандыгы үчүн бул сыйлыкты ыйгарды. Сыйлык берүү аземи Прагада өттү. Сыйлык адам укуктарын коргоону жакшыртууга жан үрөгөн жаштарга ыйгарылат. Быйыл бул сыйлыкка 75 талапкер …

Абактагы журналист Айке Бейшекеевага эл аралык сыйлык ыйгарылды Толугу менен »

Сауд Арабиясында каза болгон зыяратчылардын саны миңден ашты

Сауд Арабиясында ажылык сапар учурунда каза болгон зыяратчылардын саны миңден ашты. Бул тууралуу AFP агенттиги дипломатиялык булактарына шилтеме кылып кабарлады. Каза болгондордун 658и Египеттин, 68и Индиянын, 60ы Иорданиянын, 35и Пакистандын, 35и Тунистин жарандары. Алардын арасында Тажикстандын үч жараны да бар экени кабарланууда. ТАСС агенттиги Орусиянын башкы консулдугуна таянып, Меккеде беш орусиялык каза болгонун жазды. AFP …

Сауд Арабиясында каза болгон зыяратчылардын саны миңден ашты Толугу менен »

Чүйдө алты баланын өмүрүн алган кырсык боюнча айдоочу кармалды

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы Чүй облусунун Жайыл районунун Алтын айылында алты баланын өмүрүн алган автокырсык тууралуу маалымат берди. Облустук милициянын маалыматына караганда, кырсык 20-июнда Алтын айылынын түндүк тарабында жайгашкан №3 көлмөдө болгон. “Фольксваген Джетта” үлгүсүндөгү автоунаа көлмөгө түшүп кетип, алты бала каза тапкан.    Кара-Балта шаарынын 40 жаштагы тургуну 26 жаштагы …

Чүйдө алты баланын өмүрүн алган кырсык боюнча айдоочу кармалды Толугу менен »

Меккеде ысыктан каза болгондордун саны 900дөн ашты

Акыркы маалыматтарга ылайык, катуу ысыктан улам Сауд Арабиясынын Мекке шаарында каза болгон зыяратчылардын саны 922ге жетти. Бул тууралуу Франс-Пресс (AFP) агенттиги кабарлады. Адамдардын өлүмүнө абанын температурасы көлөкөдө +50 грудастан ашканы себеп болгон. Араб дипломаттарынын бири AFP агенттигине каза болгон египеттиктердин эле саны 600гө жеткенин билдирди. Ажылыктын бир бөлүгү эсептелген Арафат тоосуна чыгуу жана Каабаны айлануу …

Меккеде ысыктан каза болгондордун саны 900дөн ашты Толугу менен »

Кочкор-Атада сел жүрүп, өспүрүм бала каза тапты

Жалал-Абад облусунда бүгүн 17-июнда селден бир өмүр кыйылганын жергиликтүү бийликтен кабарлашты. Кочкор-Атада саат 17:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Момбеков айыл өкмөтүнүн Эски Кочкор-Ата, Бостон айылдарында кокту-колоттон аккан суу чогулуп, сел жүргөн. Мунун кесепетинен Эски Кочкор-Ата айылынын тургуну, 10 жаштагы бала сел суусуна агып, каза болгону маалымдалды. Баланын сөөгүн жергиликтүү тургундар саат 19:10до таап, жакындарына …

Кочкор-Атада сел жүрүп, өспүрүм бала каза тапты Толугу менен »