DOLON MEDIA

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар суракка алына баштады

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камакта жаткан саясатчы жана активтисттер суракка алына баштады. Бул тууралуу ушул иш боюнча Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун абактан жазган каты Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. Катта ишти карап жаткан судья Марат Сыдыков прокурорлорго айыптоо актыларын толук окутпай туруп эле шектүүлөрдү суракка алып баштаганы, бул мыйзам бузуу экени жазылган. 29-майдагы соттук отурумда биринчилерден болуп жарандык активист Илгиз Шаменов (Илгиз Сарылдык уулу) суралган. Шектүүлөрдү суракка алуу башталганын Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы да ырастады. Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан. Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан. Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар аны ачык өткөрүү талабын коюп келишет.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.