DOLON MEDIA

Казакстанда кулаган учакта үч кыргыз жараны болгон

Казакстандын Актау шаарында Азербайжан аба жолдоруна таандык учак кулап түшкөнүн «Казинформ» маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, J2-8243 номерлүү Баку-Грозный каттамын аткарып бара жаткан Embraer 190 үлгүсүндөгү учак Актау шаарынан 3 чакырым алыстыкта авариялык конууга мажбур болгон.
Учакта Азербайжандын 37, Казакстандын 6, Кыргызстандын 3 жана Россиянын16 жараны болгон.
Учактын бортунда жалпы 67 адам, анын ичинде 5 экипаж мүчөсү болгон.
«Жабырлануучулар боюнча маалымат такталууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, 25 адам аман калып, анын 22си ооруканага жеткирилген», — деп айтылат маалыматта.
Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.