DOLON MEDIA

Казакстан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чыгымдарын кыскартат

Казакстан келерки жылы өтүүгө тийиш болгон “Келечектин оюндары” деген эл аралык спорттук мелдешин 2026-жылга жылдырды. Мындай чечим суу ташкынына байланыштуу  каржылык үнөмдөө зарылдыгынан улам кабыл алынганы айтылды. “Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев суу ташкындарынын кесепеттерин жоюу жана жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүү үчүн каражаттарды үнөмдөө максатында имидж түзүүчү жана башка ири иш-чаралардан баш тартууга буйрук берди”, – деп айтылат маалыматта. Бул тууралуу Казакстандын Туризм жана спорт министрлиги билдирди. Февраль айында Казанда болгон жолугушууда Токаев Орусия президентине кезектеги “Келечектин оюндарын” Казакстанда өткөрүүнү сунуштаган. Бул арада сентябрда Астанада өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кете турган чыгымдар оптималдаштырылат.Буга чейин IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2022-жылы Түркиянын Изник шаарында өткөн. Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келген Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ага чейин үч жолу Ысык-Көлдө уюштурулган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.