DOLON MEDIA

Мадумаров өкүм боюнча кийинки инстанцияга кайрылууга убакыт бар экенин кайталады

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаров Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз бергенге 15-майга чейин убакыт бар экенин кайталады. Саясатчынын бул тууралуу билдирүүсү Телеграмдагы баракчасына чыкты. “Мыйзам талаасында иш алып барабыз! Кылмыш-жаза процесуалдык кодексинин 400-беренесинин 1-пунктунда “Биринчи инстанциядагы соттун өкүмүнө апелляциялык даттануулар жана сунуштар өкүм чыгарылган күндөн тартып 30 сутканын ичинде, ал эми камактагы айыпталуучу тарабынан – ага өкүмдүн көчүрмөсү тапшырылган күндөн тартып ошол эле мөөнөттө берилиши мүмкүн” деп жазылган. Мен өкүмдүн көчүрмөсүн 16-апрелде гана алдым. Демек, мыйзам боюнча 15-майга чейин апелляцияга бере алабыз”, – деп айтылат билдирүүдө.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.