DOLON MEDIA

Кантип видеожыйындарды уюштуруп турса болот – 1

КОВИД-19дан кийинки заманда алыстан иштөө кадыресе көрүнүшкө айланды. Бирок ишке байланыштуу маселе боюнча жамаат менен же жекеме-жеке бирөө менен жолугушуп, талкуу уюштуруу зарылдыгы уламдан улам чыгып турат. Болгондо да кайсы бир документти же материалды чогуу көрүп, талкуулоо мүмкүнчүлүгү бар болсо.

Төмөндө сунуштаган программаларда ушундай мүмкүчүлүктөр каралган.

Zoom – бул кызматтын акысыз тарифинде 100гө чейин киши 40 мүнөткө чейин маектеше алат. Мөөнөтү бүткөндө аны кайра иштетип, маекти улантса болот. Ал эми бетме-бет 1 адам менен сүйлөшө турган болсоңор убакытка чектөө жок. Бул кызматта катталуу керек.

Google Meet – гуглдун видео жыйындарды өткөрүү кызматында акысыз 100гө чейин адам бир саатка чейин жолугушуу өткөрө алат. Бул кызматта да 2 адамдын бетме-бет сүйлөшүүсүнө чектөө дээрлик жок – алар 24 саатка чейин сүйлөшө алышат. Бул кызматты колдонуу үчүн адамдын гуглда аккаунту болушу керек.

Messenger – Meta (мурдагы Facebook) компаниясынын онлайн кызматы. Facebook коомдук тармагында катталгандар колдоно алат. Анда видеожолугушуу уюштуруу үчүн бөлмө (room) ачыш керек. Ал жерде 50гө чейин адам менен видеосүйлөшүү кылса болот.

8х8 Video Meetings – бул жогорудагыларга салыштырмалуу белгисиз кызмат, бирок мүмкүнчүлүктөру боюнча кем калышпайт. Мисалы, бул кызматта 50гө чейин адамдын видеожыйынына убакыт боюнча чектөө ЖОК. Катталуу керек.

Jitsi Meet – бул жогорудагы аталган кызматка тийиштүү видеожыйындарды өткөрүүнүн жеңилдетилген кызматы. Бул жерде катталуунун кереги жок. “Создать конференцию” деген терезечеге жыйындын аталышын жазып (каалагандай жазасыңар), жыйынды баштай берсеңер болот. Бул кызмат 100гө чейин адамга чексиз видеожыйынды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Булар батыш өлкөлөрүнүн онлайн кызматтары. Эмкиде Орусия Федерациясынын компаниялары сунуштаган кызматтар тууралуу сөз кылмакчыбыз. Алар мүмкүнчүлүктөрү боюнча сөзгө алууга татыктуу.

ЖОЛ каналынан

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.