Ирактын Күрдстан аймагындагы Эрбил шаарына жакын жерде дрон соккусунан франциялык бир жоокер окко учту жана кеминде бешөө жарадар болду. Бул тууралуу 13-мартта эртең менен Франциянын аскер өкүлдөрү билдиришти.
АФП агенттиги ошол адамдарга шилтеме менен маалымдагандай, аскерлер “ирактык өнөктөштөр менен терроризмге каршы аракеттерге машыгып жаткан”. Алар Күрд армиясы же Ирактын куралдуу күчтөрү менен иштеп жатканбы, белгисиз.
Пилотсуз учак кайдан учурулганы да беймаалым. Франциянын президенти Эммануэл Макрон “биздин күчтөргө сокку уруу кабыл алынгыс” деп билдирди жана курман болгон жоокер Арно Фрион аттуу улук прапорщик экенин айтты.



