DOLON MEDIA

Кыска жаңылыктар

Айсулуу Тыныбекова турмушка чыкты

Спортчу Айсулуу Тыныбекова турмушка чыкты. Бул тууралуу ал социалдык тармактардагы баракчасына билдирди. “Өз адамыңа жолукканда сөз дагы ашыкча болот экен. Мен бакытты, жан дүйнө тынчтыгын жооп күтпөстөн, жөн гана алып, аракет кылган адамды таптым”,-деп жазган балбан кыз. Айсулуу Тыныбекова Азиянын алты жолку, дүйнөнүн үч жолку чемпиону. Дүйнө кубогунун, ар кандай эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, 2021-жылы …

Айсулуу Тыныбекова турмушка чыкты Толугу менен »

Сегиз жаранга акысыз адвокат дайындалды

10-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк адам укугун коргоо күнүнө  карата өлкө боюнча 10 күндүк декада өтүүдө. Бул иш чара Нарын шаарында дагы ишке ашырылып, бул үчүн атайын кеңеш берүү жайы “Айыл” банк жайгашкан имаратта  уюштурулган. Ал жерде Акыйкатчынын Нарын облусундагы өкүлү, пробация органынан, социалдык фонддон, социалдык коргоо башкармалыгынан, Кадастр мекемесинин адистери жана адвокат жарандарды кабыл алып, …

Сегиз жаранга акысыз адвокат дайындалды Толугу менен »

Зомбулук көрсөткөн 62 жаран административдик жазага тартылган

Нарын шаарында ушул жылдын  11 айында үй-бүлөлүк зомбулуктун 79 учуру катталган. Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Нурлан Мааткеримовдун айтымында, бул көрсөткүч өткөн жылга караганда он учурга аз. “Бул  КР Укук бузууларды  алдын алуунун негиздери жөнүндөгү мыйзамында көрсөтүлгөн  жергиликтүү бийлик органдары, билим берүү, саламаттыкты сактоо, ички иштер органдары, социалдык кызматкерлер сыяктуу 17 субьектинин …

Зомбулук көрсөткөн 62 жаран административдик жазага тартылган Толугу менен »

Нарын шаарына аксыз интернет таратылат

Бүгүн, 6-декабрда Нарын шаарында “Смарт Нарын-2024” долбоор ишке ашып,  бардык коомдук жайларды камтыган, акысыз интернет таратылат. Шаардагы санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана тургундардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган бул долбоор, облус башчысынын демилгеси менен Борбордук Азия Университети, “Скай Мобайл”, “Скайнет Телеком” жоопкерчилиги чектелген коомдору жана Нарын шаардык мэриясынын колдоосу менен ишке ашты. Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу …

Нарын шаарына аксыз интернет таратылат Толугу менен »

Медицина тармагы оор жоготууга учурады

Теңир-Тоого белгилүү дарыгер Кубанычбек Борсокеев 58 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Ал аскердик кызматын өтөп келгенден кийин 1989-жылы  Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун даярдоо бөлүмүндө окуусун улантып, окуу жайды 1995-жылы аяктаган. Ошол эле жылы Кубанычбек Борсокеев  Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын сынык-жаракат  бөлүмүндө дарыгерлик ишин баштаган. 1997-жылдан баштап ушул күнгө чейин аталган  бөлүмдүн бөлүм башчысы болуп эмгектенип …

Медицина тармагы оор жоготууга учурады Толугу менен »

Нарын: “Биз биргебиз” акциясы уланууда

3-декабрь- Эл аралык майыптар күнүнө карата “Биз биргебиз!” деп аталган акция алкагында майыптыгы  бар жарандарга  көңүл буруу  иштери уланууда. Алсак, Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Жалгыз-Терек, Казан-Куйган, Кызыл-Жылдыз, Жерге-Тал айылдарында иш-чара өтүп, майрамдык маанай тартууланды. Бул үчүн айыл өкмөттүн казынасынан  60 миң сом бөлүнүп берилип, 105 ден соолугунан мүмкүнчүлгү чектелген жарандарга белектер берилди.

Ак-Талаа: Мүмкүнчүлүктөр чексиз…

Ак-Талаада 3-декабрь -Эл аралык майыптар күнүнө карата райондук маданият үйүндө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын кыз-жигит “Сармерден” оюну уюштурулду. Иш-чара 15-ноябрынан 15-декабрына чейин “Биз биргебиз” аталыштагы ден соолугунан  мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кайрымдуулук жана колдоо көрсөтүү жөнүндө бир айлык алкагында өттү. Айлыктын алкагында, аталган сармердендин катышуучуларына мекеме-ишканалардын жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 45 миң сом акча каражаты …

Ак-Талаа: Мүмкүнчүлүктөр чексиз… Толугу менен »

Ак-Талаа: Окуучулар азык-түлүк жарманкесин уюштурушту

Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде жарманке өттү. Ал мектеп парламенти тарабынан уюштурулуп, окуучулардын колунан жасалган шириндик, таттуулар жана ширелер коюлду. Мектеп парламентинин жетекчиси Чынар Рысмендееванын айтымында, мындай жарманке жыл сайын салт катары өткөрүлүп келет. “Биринчиден балдар эмгекке тарбияланат. Анткени жарманкеге коюлган азыктарды окуучулар өздөрү жасашат. Экинчиден, өз эмгегин баалап, сатууга, акча каражатын пайдаланууга үйрөнөт. Окуучулар …

Ак-Талаа: Окуучулар азык-түлүк жарманкесин уюштурушту Толугу менен »

“Биз биргебиз!”- майыптар өнөрүн тартуулашты

3-декабрь -Эл аралык майыптар күнүнө катары Нарын шаарлык мэриясы атайын салтанат уюштурулуп, “Биз биргебиз!”  деген ураан алдында  ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар өнөрлөрүн тартуулашты. Иш-чара Ж.Шералиев атындагы балдардын музыкалык мектебинде өтүп, алгач бүгүнкү күндө Нарын шаарында  ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабастан коомдук уюмдарда иштеп, майыптыгы бар жарандардын жашоо шартын жакшыртуу, аларды колдоп коомго аралыштыруу максатында …

“Биз биргебиз!”- майыптар өнөрүн тартуулашты Толугу менен »

Нарын: Айыл өкмөттө ДМЧ жарандар үчүн 417 миң сом бөлдү

Нарын районунда 3-декабрь- Эл аралык  майыптар күнүнө карата ДМЧ жарандарды колдоо максатында айыл өкмөттөрдүн жергиликтүү бюджеттинен жалпы 417 миң 500 сом каралып,  майыптыгы бар  700 жаранга  азык-түлүк баштыктары, белектер жана  акчалай жардамдар көрсөтүлдү. Ошондой эле Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын резервдик фондунан 20 миң сом акча каражаты бөлүнүп, ДМЧ адамдардын арасында параспартакиаданы өткөрүүгө колдоо көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, …

Нарын: Айыл өкмөттө ДМЧ жарандар үчүн 417 миң сом бөлдү Толугу менен »