DOLON MEDIA

Ат-Башы: Соода-логистикалык борбодо кандай курулуштар бүттү

Эл аралык «Атбашы» соода-логистикалык борборунун курулушунун биринчи этабы аяктады.

Биринчи этаптын алкагында бир катар объектилер, анын ичинде Нарын эркин экономикалык аймагы жана Мамлекеттик бажы кызматынын имараты курулду. Ошондой эле мамлекеттик “Элдик Банктын” филиалынын имараты салынды. Ал ички жана эл аралык акча которуулар, бажы төлөмдөрүн кабыл алуу, ошондой эле автокредиттөө жана лизинг боюнча кызматтарды көрсөтөт.

Мындан тышкары Кыргыз почтасынын кеңселеринин, транспорт каражаттарын техникалык кароо лабораториясынын, товарларды убактылуу сактоо кампаларынын курулушу аяктады.

Ат-Башы району Кытайдын чек арасынан болгону 100 чакырым алыстыкта жайгашкандыктан, бул аймактын өлкөлөрүнүн ортосундагы сооданы өнүктүрүү үчүн стратегиялык маанилүү объект болуп саналат. Борбордун курулушу Кыргызстан, Кытай, Борбор Азия жана Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы байланышты бекемдеп, экономикалык өсүшкө өбөлгө түзөт.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.