DOLON MEDIA

12-декабрь-Улуттук адабият күнү

Бүгүн,12-декабрь-Улуттук адабият күнү. Бул күндүн урматына китепканаларда жана мектептерде маданий иш-чаралар уюштурулуп Чынгыз Айтматов менен Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгы даңазаланып, маалыматтар берилүүдө.

Маселен, С.Орозбаков атындаагы китепканада “Ч. Айтматов-аалам элинин жүрөгүндө” , “Улуттук адабият унутулгус мурас” деп аталган китеп көргөзмөлөр уюштурулуп жаш окурмандар үчүн кече өттү. Ошондой эле “Дүйнөлүк адабияттын чолпон жылдызы Ч. Айтматов” аталышта жазуучунун чыгармачылыгын даңазалаган видео маалыматтар, “Айтматов-кылымдарды сүйлөткөн жазуучу” деген темада  Эмне? Кайда? Качан? форматында окурмандар менен китепканачылар ортосунда  адабий таймаш уюштурулду.

Ал эми коомдук транспортто  Алыкул Осмоновдун ырларын, поэмаларын жана балдарга арналган чыгармаларын жаш муундарга даңазалоо менен коомчулукту китеп окууга тартуу максатында  “Окурман автобуста” китеп окуу акция өттү.

Маалымат үчүн кошумчаласак, Кыргыз өкмөтүнүн чечими менен 2011-жылдан бери 12-декабрь-Улуттук адабият күнү катары  белгиленип келе жатат. Бул күндү майрам катары белгилөө, 1928-жылы 12-декабрда кыргыз адабиятынын белгилүү классиги Чынгыз Айтматовдун төрөлгөн жана 1950-жылдын 12-декабрында акын, котормочу Алыкул Осмоновдун дүйнөдөн өткөн күнүнө карата улуттук маданияттын кайра жаралуусундагы манилүү орунду ээлеген  кыргыз адабиятын сактоо, өнүктүрүү жана жайылтуу максатында демилгеленген.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.