Кочкор: Селдин кесепеттери жоюлууда
“Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №14-Жол тейлөө мекемеси тарабынан Нарын облусунун Сары-Булак-Соң-Көл унаа жолунун 0-15 чакырым аралыгында жүргөн кыян-селдин кесепеттерин жоюу, жолду калыбына келтирүү иштери аткарылууда. Жеринде 300 м3 кум шагыл тартылып, бир суу өткөрүүчү түтүк калыбына келтирилди. Ошондой эле, 4-чакырымында жолдогу суулар агуучу арык (кювет) жана 13- чакырымында жол тасмасы калыбына келтирилди.