3-декабрь-Эл аралык майыптар күнү
3-декабрь- ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнү. Бул күн 1992-жылдын 14-октябрындагы Башкы Ассамблеясынын 47/3 резолюциясына ылайык, бүткүл дүйнө боюнча 3-декабрь күнү белгиленип, биринчи ирет, майыптардын көйгөйлөрүнө элдин көңүлүн бурууга багытталган. Бул күн адам укуктарын толук жана бирдей урматтоо, коргоо менен майыптыгы бар адамдардын коомго катышуусун жогорулатуу максатында жарыяланган.