DOLON MEDIA

Бишкекте ооруган балдар көбөйүп, ординаторлор жардамга чакырылды

Суук түшкөнү Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна курч респиратордук вирустук инфекциялар, бронхит жана пневмония менен ооруган балдар көп кайрылып жатат. Бул тууралуу аталган оорукананын директору Шайырбек Сулаймановго шилтеме жасап, Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы 13-декабрда кабарлады. Маалыматка караганда, борборго күн сайын 750дөй бала кайрылып жатат. Буга байланыштуу кошумча 90 керебет коюлду. Шаршембиде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аталган бейтапканага барып, абал менен таанышты. Буга чейин аталган ооруканада кезек күткөндөр көбөйгөнү, дарыгерлер жетишпей жатканы тууралуу социалдык түйүндөргө сүрөт жана видеолор чыккан. Мындан улам кошумча дарыгерлер тартылып, ординаторлор жардамга чакырылганы айтылат министрлик тараткан кабарда. Лор дарыгери, хирург, травматолог, реаниматолог, анестезиолог, педиатр жана башка адистер өзүнчө нөөмөттө турушат.

Мекеме декабрдын башында дээрлик алты миңдей адам сасык тумоого чалдыкканын, алардын 67% 14 жашка чейинки балдар экенин билдирген. Жалпысынан өлкө аймагындагы эпидемиологиялык абал туруктуу деп бааланган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.