DOLON MEDIA

Бир аптада КРВИ менен сасык тумоонун 4,3 миң учуру катталды

Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын биринчи аптасында курч респиратордук вирустук инфекциянын (КРВИ) 4 миң 245 жана сасык тумоонун 16 учуру катталды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева билдирди.

Анын айтымында, бул өткөн аптага салыштырмалуу 1,9%га аз.

“Бирок оору республикалык орточо эсептен эки эсе көп болуп жатат. Сасык тумоонун жана КРВИнин төмөнкү температуралык шарттарына туруктуулугун эске алуу менен калк арасында ооруга күн сайын мониторинг жүргүзүү улантылууда”, – деди ал.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.