DOLON MEDIA

Ат-Башы: Өрттөн жабыркаган ҮДТ нын имараты оңдолууда

Казыбек айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун имараты  АРИСтин “Айылды инвестициялоо-3” кошумча каржылоо долбоорунун алкагында  капиталдык ремонттон өтүүдө.

Буга чейин айылдык депутаттардын, айыл өкмөтүнүн, активисттердин жана коомчулуктун колдоосу менен марафон уюштурулуп, 200 миңден ашык каражат топтолгон. Бул каражатка тиешелүү документтери даярдалып, имарат айыл өкмөтүнүн балансына алынган.

АРИС 3 миллион 205 миң 733 сомго колдогон бул долбоор аркылуу  ремонт 27-ноябрда баштаган. Келишимге ылайык  2024-жылдын февраль аягында жыйынтыкталып, пайдаланууга берилмекчи.

ҮДТ имаратынан өткөн жылы белгисиз себептерден чыккан өрттөн жабыркап, кызматкерлер иштөөгө мүмкүн болбой калган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.