Казыбек айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун имараты АРИСтин “Айылды инвестициялоо-3” кошумча каржылоо долбоорунун алкагында капиталдык ремонттон өтүүдө.
Буга чейин айылдык депутаттардын, айыл өкмөтүнүн, активисттердин жана коомчулуктун колдоосу менен марафон уюштурулуп, 200 миңден ашык каражат топтолгон. Бул каражатка тиешелүү документтери даярдалып, имарат айыл өкмөтүнүн балансына алынган.
АРИС 3 миллион 205 миң 733 сомго колдогон бул долбоор аркылуу ремонт 27-ноябрда баштаган. Келишимге ылайык 2024-жылдын февраль аягында жыйынтыкталып, пайдаланууга берилмекчи.
ҮДТ имаратынан өткөн жылы белгисиз себептерден чыккан өрттөн жабыркап, кызматкерлер иштөөгө мүмкүн болбой калган.