DOLON MEDIA

Ардагерлерге бир жолку 100 миң сомдук жардам көрсөтүлдү


Улуу Жеңиштин 78 жылдыгын утурлай  дубан башчы  облустагы согуштун үч ардагеринен кабар алды. Ал Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын тургуну, 98 жаштагы Сатынды Жапаров, Кара-Суу айылынын тургуну 98 жаштагы Тапа Керимкулов жана Нарын шаарынын тургуну 101 жаштагы Тукеш Токтомушев аталардын үйлөрүнө барып, жеринде  кабар алып, майрамдары менен куттуктап Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун бир жолку берилүүчү 100 миң сом майрамдык белгин тапшырды.

1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка Нарын облусунан 19 миң 237 жоокер катышкан. Алардын ичинен   8 миң 104 жоокер мекенине аман-эсен кайтып келсе, 11 миң 133 жоокер окко учкан  жана согуш  талаасында дайынсыз жоголгон.  Учурда облуста Улуу Ата Мекендик согуштун үч ардагери үй-бүлөсү менен бактылуу карылыкты кечиришүүдө.  Ал эми Ооруктун 18 ардагери, согушта окко учкан  40 жоокерлердин жубайы, 44 согуштун майыбынын жубайлары бар.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жеңилдиктердин ордуна ай сайын 7 миң сом акчалай компенсациялар жана  айына 10 миң сомдон Президенттин өмүр бою берилүүчү стипендиясы төлөнүп келет.

Маалымат үчүн белгилесек, Өлкө башчы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку каражат бөлүп берүү жөнүндө тескемеге 10-апрелде кол койгон. Ага ылайык, учурда  Кыргызстандын аймактарында жашап жаткан Улуу Ата Мекендик согуштун 68 ардагеринин ар бирине 100 миң  сомдон бир жолку материалдык жардам көрсөтүлүп жатат

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.