DOLON MEDIA

Акыйкатчы институту: Шерипбаева коюлган айыпка макул эмес экенин айтты

18-ноябрда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан журналист, Nazar news сайтынын башкы редактору Гүлжан Шерипбаева менен жолугуп чыгышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал үй-бүлөсүнө жеке адвокатка муктаж экенин айтып коюуну өтүнгөн. Буга чейинки тергөө иш-чараларында ага мамлекеттик жактоочу берилген. Маектешүүдө коюлган айыпка макул эмес экенин айткан.

“Аны менен бирге камерада мурда соттолбогон дагы үч аял бар. Ден соолугу канааттандырарлык экенин жана эч кандай дары-дармектерге муктаж эмес экенин билдирди”, – деп айтылат маалыматта. Гүлжан Шерипбаева аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери 16-ноябрда ал иштеген кеңседен алып кеткенин жазган. Атайын кызмат ага козголгон иш тууралуу маалымат бере элек. Ал Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 1-декабрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. Райондук соттун маалыматына ылайык, Гүлжан Шерипбаевага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (“расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты (араздашууну) козутуу”) боюнча айып тагылды.

Гүлжан Шерипбаева акыркы убакта социалдык тармактарда жана өзү иштеткен маалымат сайтта бийликти кескин сындап жүрчү. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупцияга шек саналып соттолгон Райымбек Матраимовду колдогон билдирүүлөрдү жазып турган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.