DOLON MEDIA

Нарында мектептерге жылуулук берилди

Нарын шаарындагы №8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы жана № 5 Кычан Жакыпов атындагы мектептерге жылуулук толук бериле баштады. Нарын жылуулук берүү ишканасынын башчысы Улан Айтиев бүгүн 21-ноябрда аталган мектептердин бирине барып жылытуу системасын көрдү. Жаны окуу жылы башталганда аталган эки мектептен жылуулук системалары капиталдык ремонттон өз убагында өтпөй калган. Ата-энелердин айтымында жылуулук берүү сезону башталганда окуучулар аргасыз онлайн билим берүүгө өткөн. Экинчи чейректен баштап, жылуулук системалары ишке киргизилип, мектептерге жылуулук бериле баштады.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.