DOLON MEDIA

“Эл аманда” дарылар 20 пайыз арзандатуу менен сатылат

Бүгүн, 10-ноябрда Нарын шаарында  “Эл аман” мамлекеттик  эки дарыкана ачылып, иштей баштады.  Дарыкананын бири Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жанына, экинчиси  №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (райондук оорукана) имаратында жайгашкан.

Мамлекеттик дарыканалардын  ачылышына Саламаттыкты сактоо министринин орун басары  Айжамал Шамбетова катышып, биринчи этап менен өлкө аймагында 50 дарыкана ачылып, 400 аталыштагы дары-дармектер сатыла баштаганын билдирди.  Анын айтуусунда, алдыда бул дарыканалардын ишин жакшыртуу, санын көбөйтүү жана дарылардын түрүн миңге жеткирүү максат кылынууда. Ал бул дарыканаларда дарылар 20 пайыз арзандатуу менен сатылаарын жана ДОП пакет менен 70 пайызга чейин арзан болоорун билдирди.  Эми  “Эл аман” дарыканасы Ак-Талаа, Жумгал, Ат-Башы райондорунда дагы ачылат.

Учурда республика боюнча мамлекеттик дарыканаларды ачуу боюнча иштер жүрүп жатат.  Муну менен элди жеткиликтүү дары-дармек менен камсыздоо көйгөйүн чечүүгө болоорун айтышууда.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.