Ак-Талаа районунун Баетов айылында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулардын жеткиликтүү билим алышы үчүн аларды үйлөрүндө окутуу уюштурулган.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жайдарбек Сыдыковдун маалыматына караганда, район боюнча мектеп жашындагы 138 майып бала бар.
Булардын ичинен 11 бала медициналык корутундунун негизинде окубайт. Ал эми 98и жалпы билим берүүчү орто мектептерге келип билим алышса, 29 окуучуга үйдөн билим берилет. Үйлөрүндө окуган балдарга 9-классты бүткөндөн кийин күбөлүк алышат. Ошондой эле өзгөчө балдарда тандоо укугу бар, алар каалса мектепте, кааласа үйдө билим алса болот. Кээде аларда мектепке келгиси келет. Андай учурда жеке бөлмө берилип, окуусуна шарт түзүлөт.
Ден соолугунан майыптыгы бар балдар коомдон сыртта калбай билим алып, келечекте бир кесиптин ээси болуусу үчүн район бийлиги да аракеттерди көрүшүүдө. Бул үчүн мугалимдердин, социалдык педагогдордун жана ата-энелердин катышуусунда семинар, тегерек столдор уюштурулуп турат. Ошондой эле атайын борбордо тиешелүү шарт түзүүгө аракеттер жасалып жатканы менен өзгөчө балдарды окутуу үчүн адистердин жоктугу негизги көйгөлөрдүн бир бойдон калууда.
Майып балдардын ата-энелери да бул көйгөйдү белгилеп, психолог, логопед жоктугун, аутизм жана даун синдрому бар балдар үчүн атайын программа зарылдыгын айтышат.