Ала-Буга айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың айылынын кире беришине 43 даана көчө чырактар орнотулду.
Ала-Буга айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык бөлүмүнүн башчысы Айнура Медетованын маалыматына караганда , аталган айылдын кире беришине, тактап айтканда Баетов – Кош-Дөбө унаа жолунун жээгине көчө чырактарын орнотуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 215 миң сомдон ашык каражат каралып, тендер жарыяланган.
Аны утуп алган компания 215 миң 200 сомго тиешелүү материалдары менен 43 даана көчө чырактарын сатып келген.
1 чакырым аралыкка көчө чырактарын орнотуу иштерин айыл тургундары аткарып, алардын эмгек акысына азык-түлүк программасы аркылуу 7 адамга 300 килограмм ун жана 30 литр өсүмдүк майы берилди.