Дүйнөдөгү көпчүлүк өлкөлөрдө 12-октябрь Бүткүл дүйнөлүк артритке каршы күрөшүү күнү катары белгиленип келет. Бул күндүн негизги максаты-ревматологиялык оорулардын көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн буруу, артриттин бардык түрлөрү боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана илдетти алдын алуу. Ошондой эле бул илдет менен жабыркагандардын медициналык жана социалдык реабилитациялоо болуп саналат.
Артрит-муундун же бир нече муундардын олуттуу сезгенүү оорусу. Анын бир нече түрү бар. Эгерде аны убагында дарылабаса кыймылдын чектелишине гана эмес, майыптуулукка алып келет. Жүрөккө, муундарга, бөйрөккө зыяны тиет.
Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун үй-бүлөлүк дарыгери Эдил Үсөновдун айтымында, артриттин негизги белгиси муундар ооруйт.
“Артриттин себеби көп. Артрит деген сөз муун. Чоң муун деп коет бул-чыканак, тизе, кашка жилик менен жамбаштын ашташкан жери, кызыл ашык, ал эми майда муундарга колдун, буттун манжаларынын муундары. Артрит жугуштуу ооруларда кездешет. Мисалы стрептокк инфекциясы-сыздоок чыкканда, кулагынан ириң акканда, гайморит, көзүнө тирсек, денесине жара чыкканда, тамагы ооруп ангина болсо, дарыланбаса артрит пайда кылат. Бул биринчи себеби. Ал бара-бара кызыл жүгүрүк илдетине алып келет. Ошол себептүү ооруп жатам деп дары ичип жүрө бербей дарылануу керек”, – дейт дарыгер.
Айрым адамдардын денесине дайыма сыздоок, чыга берет. Бул инфекциянын булагы болуп саналат. Ошондой эле курт жеген тиш дагы ачык болуп, ар кандай инфекция кирет да артриттин пайда болушуна жол ачат.
“Оору бир муунда эле болушу мүмкүн. Мунун себептери дагы көп. Күнүмдүк тиричиликте катуу нерсеге тизесин, чыканагын уруп алган, же тизеге кирген инфекция тарабай ошол жерде чектелип калса, бир тизе артрит болот. Убагында маани бербей бир нерсеге уруп алып жүрө берген менен ал кийин баары бир оору козголот”,- деп кошумчалады Эдил Үсөнов.