DOLON MEDIA

Айсулуу Тыныбекова турмушка чыкты

Спортчу Айсулуу Тыныбекова турмушка чыкты. Бул тууралуу ал социалдык тармактардагы баракчасына билдирди.
“Өз адамыңа жолукканда сөз дагы ашыкча болот экен. Мен бакытты, жан дүйнө тынчтыгын жооп күтпөстөн, жөн гана алып, аракет кылган адамды таптым”,-деп жазган балбан кыз.
Айсулуу Тыныбекова Азиянын алты жолку, дүйнөнүн үч жолку чемпиону. Дүйнө кубогунун, ар кандай эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, 2021-жылы өткөн Токиодогу Олимпиаданын күмүш медалынын, 2024-жылы өткөн Париждеги Олимпиаданын коло байгесинин ээси жана Кыргыз Республикасынын Ардактуу спорт чебери.
Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.