DOLON MEDIA

Абактагы журналист Айке Бейшекеевага эл аралык сыйлык ыйгарылды

Temirov Live каналынын тогуз айдан бери тергөө абагында отурган журналисти Айке Бейшекеева эл аралык Cena Gratias Tibi сыйлыгынын лауреаты болду. Чехиядагы “Зарлаган адамдар” бейөкмөт уюму кыргызстандык журналистке адам укуктарын коргоо жаатындагы каармандыгы үчүн бул сыйлыкты ыйгарды. Сыйлык берүү аземи Прагада өттү. Сыйлык адам укуктарын коргоону жакшыртууга жан үрөгөн жаштарга ыйгарылат. Быйыл бул сыйлыкка 75 талапкер көрсөтүлгөн. Айке Бейшекеева – Temirov Live каналынын фактчек жасаган журналисти. 23 жашта, Польшадан билим алган. Ал быйыл январда Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун 11 журналисти менен бирге камалган. Аларга “жапырт баш аламандыкка чакыруу” боюнча иш козголгон. Айке сотто журналисттер эч кандай төңкөрүш жасоого аракет кылбаганын, мамлекетке зыян эмес, пайда алып келерин айткан.

Журналисттерге сот өкүмү 3-октябрда чыгары күтүлүп жатат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.