Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 26-декабрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Баткен түнкүсүн 2…7, күндүз 4…9,
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -17…-22, күндүз -1…-6 градус болот.
Бишкекте жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4°, күндүз 3…5° болот.