Нарын шаарын жашылдандыруу иштеринин алкагында куурап, өсүүсүн токтоткон экси бак-дарактар кыйылып, тазаланып жатат. Буга чейин 750дөй эски бактар кыйылып, атайын техниканын жардамы менен тамырлары тазаланган. Мындай жумуштар калаанын Москва чөлкөмүндөгү М.Жусаев атындагы жана Алма-Бак паркында аткарылган.
Адистердин айтымында, парктарга суу жептегендиктен бак-дарактардын 98 пайызы куурап калган. Бүгүнкү күндө кыйылган бактардын ордуна карагайдын, мөмө берүүчү жемиш бактардын көчөттөрү тигилип жатат.
Нарын шаары боюнча 7 парк, 17 сквер бар.