Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн алынган маалыматка таянсак, өткөн жылы 24 миң 82 айдоочу ар кандай жол эрежелерин бузган. Анын ичинен 501 айдоочу мас абалында унаа башкарып жүрүп кармалып, 345и айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган. Ал эми 35 айдоочуга 3-5-7 күңдүк камак түрүндөгү жаза чарасы колдонулган.
Жол эрежелерин бузган айдоочуларга жалпы 45 миллион 758 миң 500 сом айып салынып, анын 80 пайызы өндүрүлгөн.