DOLON MEDIA

Day: December 21, 2023

Нарын шаарындагы акыркы согуштун ардагери дүйнө салды

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Нарын облусунун “Ардактуу атуулу”, Нарын шаарынын тургуну 101 жашында  Тукеш Токтомушев 21-декабрда дүйнө салды. Т. Токтомушев 1923-жылы, Тянь-Шань районуну Калинин колхозундагы Ворошилов айылында жарык дүйнөгө келген. 17 жаш курагында Улуу Ата мекендик согушка чакырылган.1943-жылы денесинен жаракат алган, 1944-жылы кайра фронтко чакырылып, Ыраакы Чыгышта кызмат өтөгөн. 1945-жылдын февраль айында ден-соолугуна байланыштуу …

Нарын шаарындагы акыркы согуштун ардагери дүйнө салды Толугу менен »

ХАМАС Израилдин сунушунан баш тартып койгону белгилүү болду

АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган палестиналык ХАМАС тобу Израилдин атышууну токтото туруу жөнүндөгү сунушун кабыл алуудан баш тартып койгонун бүгүн 21-декабрда The Wall Street Journal басылмасы египеттик расмий адамдардын маалыматына таянып жазды. Израил ХАМАСтын колунда барымтада турган 40 жаранын бошотуп алуу үчүн согуштук аракеттерин бир аптага токтото турууга макул экенин билдирген. Бул сүйлөшүүлөргө …

ХАМАС Израилдин сунушунан баш тартып койгону белгилүү болду Толугу менен »

Нарында УКМКнын ремонттолгон имараты ачылды

Президент Садыр Жапаров 21-декабрда Нарынга жасаган иш сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин аймактык башкармалыгынын жаңыланган имаратын ачты. Ал Коопсуздук кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын жигердүү жана кесипкөй иши өлкөнүн коопсуздугун сактап, элдин тынч эмгектенүүсүнө өбөлгө түзөрүн белгиледи. “Мен сиздерге ушундай басыгыңардан жазбай, эл-жерибиздин бейпилчилиги үчүн ак кызматыңыздарды уланта бересиздер деп бекем ишенем”, …

Нарында УКМКнын ремонттолгон имараты ачылды Толугу менен »

Министр учурда грипптин В түрү жүрүп жатканын айтты

Кыргызстанда учурда сасык тумоонун В түрү жүрүп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Бейшеналиевдин айтымында, учурда кырдаалга байланыштуу мобилдик клиникалар ачылды. “Мурда балдардын ооруганы боюнча 1,5 миң учур катталса, азыр күнүнө 400 бала катталып жатат. Бул ковид эмес, азыркы учурда ковиддин беш эле учуру …

Министр учурда грипптин В түрү жүрүп жатканын айтты Толугу менен »