DOLON MEDIA

Ак-Талаа: Мектепке ресурстук борбор ачылды  

Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде ресурстук борбор ачылды. Ага мектептин жалпы жамааты катышып, кызыл тасмасы кесилди.

 

Борбордогу техникалык жабдуулар КРнын билим берүү жана илим министрлигинин “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында берилип, 16 компьютер проектору менен коюлду. Мындан сырткары физика, химия, биология, математика кабинеттерине да кошумча компьютерлер келди. Мектеп директору Астра Токтогулованын маалыматына караганда, ресурстук борбордо мугалимдер расписаниеге ылайык бардык предметтик сабактарды өтсө болот, ошондой эле мугалимдердин дагы компьютердик сабаттуулугун жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

 

Эскерте кетсек, “Келечек үчүн билим берүү” ири долбоорунун алкагында өлкөдөгү 1200 мектепке техникалык жабдуулар берилген. Ал эми Ак-Талаа району боюнча 14 мектептин ар бирине 14 даанадан  компьютер жана башка жабдуулар коюлду.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.