Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналист Алтынай Арстанбекованы кармаганы кабарланды. Бул тууралуу айрым жалпыга маалымдоо каражаттары жазып, социалдык баракчаларда активдүү таратышууда. Бирок ИИМ маалыматты ырастаган да, четке каккан да жок. Ачык булактарга таянсак, А. Арстанбековага социалдык тармактарда фейк баракчадан чыккан постторго байланыштуу кылмыш иши козголгон. Мунун алдында Фейсбукта эркек кишинин аты менен ачылган баракчаны Алтынай Арстанбекова колдонуп келгени боюнча билдирүүлөр чыккан. Ал баракчада бийликти сындаган, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди колдогон постторду көрүүгө болот.
Алтынай Арстанбекова буга чейин Next TV телеканалында иштеген. Акыркы жылдары эркин журналист экенин билдирип жүргөнү да айтылууда.



