DOLON MEDIA

Жумгал: Уран калдыктарын коопсуз жайга көчүрүү иштери аякап калды

Миң-Куш айылындагы  Туюк-Суу участкасындагы уран калдыктарын коопсуз жайга көчүрүү иштери аяктап калды. Бул тууралуу Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирип, дубан башчы Алтынбек Эргешов  уран калдыктарын көчүрүү иштеринен кабар алганын кошумчалады.

Маалыматкка караганда, Россия Федерациясынын Росатом холдинги тарабынан атайын долбоордун негизинде Миң-Куш айыл өкмөтүнө караштуу Туюк-Суу аймагындагы уран калдыктарын коопсуз аймакка көчүрүү иштери жүргүзүлүп келген.

Облус жетекчиси менен баарлашуу учурунда аталган компаниянын өкүлдөрү иштер дээрлик аягына чыгып калганын, уран калдыктарын көчүрүүдө бардык коопсуздук эрежелери сакталганын билдиришти.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.