Соң-Көл жайлоосуна кеткен төрт канада өлкөсүнүн жана эки кыргызстандык жарандар аман-эсен табылды.
ӨКМнин маалымат кызматы тараткан маалыматка таянсак, алар ушул жылдын 30-апрель күнү Соң-Көл жайлоосунан Молдонун-Бели ашуусу аркылуу Ак-Талаа районуна Toyota Sequoia үлгүсүндөгү унаа менен кетип, байланышка чыкпай дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине издөө-иштерин жүргүзүүгө Жумгал райондук №43 ӨКБдан авриялык куткаруу унаасы менен 4 куткаруучу жана туугандарынан 1 адам тартылган.
“Жогоруда аталган жарандар Соң-Көл жайлоосунан аман-эсен табылып, унаасы карга тыгылып калгандыгы аныкталган. Абалдары туруктуу. Куткаруучулар тыгылып калган унааны чыгарып беришип, жардам көрсөтүшкөн”,деп айтылат малыматта.