DOLON MEDIA

Жумгал: Дайынсыз болуп жаткан эки адамды издөө уланууда

Миң-Куш айыл өкмөтүнө караштуу Өрнөк айылында мал кайтаруу үчүн жайлоого кеткен бойдон дайынсыз жоголгон эки адамды издөө уланууда.

Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан билдиришкендей, 16-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткан эки адамды Көкө-Мерен дарыясынан издөөгө Жумгал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 11 куткаруучу тартылган. Мындан тышкары Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнөн 3 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 25 адам издөө иштерин жүргүзүүдө. Бирок азырынча натыйжа чыга элек.

Аталган айылдын 45 жана 10 жаштагы эки тургуну 16-октябрь күнү мал кайтаруу үчүн кезүүгө кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.