DOLON MEDIA

ЖРТ 2025: Нарында эки бүтүрүүчү “Алтын сертификатка” татыктуу болушту

2024-2025-окуу жылынын жыйынгы менен ЖРТ тапшырган бүтүрүүчүлөрдүн алган упайлары  жарыяланууда. Агартуу министрлиги жарыялаган маалыматка таянсак, өлкө боюнча 54 бүтүрүүчү эң жогорку жыйынтыкты көрсөтүп, “Алтын сертификаттын” ээси болсо, алардын экөө тениртоолук.

Алар:

1: Кочкор районундагы Н. Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин бүтүрүүчүсү  Акмарал Азаматова -232 упай,

2: Нарын шаарындагы М. Субакожоев атындагы Нарын лицейинин бүтүрүүчүсү Эмир Азамат -228  упай топтоп, “Алтын сертификатка” татыктуу болушту.

Ошондой эле дагы төрт окуучу 200дөн жогору балл топтошкон.

Алар:

1:Тойчубеков Актан Тойчубекович, Т. Турсунбаева атындагы жалпы билим берүү орто мектеби,           Жумгал району – 218 балл,

  1. Абдырасулов Ардак, М. Субакожоев атындагы Нарын лицейи, Нарын шаары – 217 балл,
  2. Болотбеков Мырза Эркинбекович, Н. Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү орто мектеби, Кочкор району – 217 балл,
  3. Сыдыкбаева Медина Усеиновна, В. Чкалов атындагы № 2 жалпы билим берүү орто мектеби, Нарын шаары – 217 балл,

Маалымат үчүн белгилесек, облус боюнча 3 миң 31 бүтүрүчү ЖРТ тапшырган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.