Нарын облусунун бардык аймактарында кар жааган кардын калыңдыгы 3, айрым жерлерде 5 сантиметрге жетти. Жол тейлөө мекемелеринин жолчулары ашууларда, жолдун кооптуу тилкелеринде кезметте болуп, иштеп жатышат.
Жол чарба департаментинин Нарын облустук аймактык бөлүмүнүн башчысы Кубан Токобаев, унаа жолдордо каттам бар экенин билдирип, бирок лоор жүк ташыган унаалар ашууларда тыгын жаратып жатканын айтты.
“Оор жүк ташыган унаалар ашуу, белдерде тыгын пайда кылып жатышат. Айрыкча Кызы-Белде ушундай абал түзүлүүдө. Себеби, ашууларга чыгып алгандан кийин тайгаланып калганда дөңгөлөгүнө чынжыр тагып, тыгын пайда кылып жатышат. Ошондой эле коопсуздукту эске албай унаалар ортосундагы 500 аралыкты сактабагандар, чынжыры жок, күрөгү жок, кышкы дөңгөлөк такпаган унаалар дагы болууда. Мындай абал башка айдоочуларга, жүргүнчүлөргө тоскоолдук жаратат”,-деди ал.
Ал эми Нарын гидрометрология борборунан алынган маалыматка караганда, Ат-Башы районунда 1, Ак-Талаада 2, Кочкор өрөөнүндө 3 см кар түштү. Долон ашуусунда 8 см кар бар.