Нарын облусундагы жол тейлөө мекемелери жаңы 73 техникалуу болушту. Мамлекет тарабынан алынган атайын техникалар, бүгүн, 24-февралда Жол тейлөө ишканаларына тапшырылды. Алардын арасында асфальт-бетон завод дагы бар. Ал Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 405-чакырымына коюлат.
Быйыл облус боюнча 100 чакырымдай жолду асфальтто пландалууда. Анын ичинде Нарын-Баетов жолунун 46 чакырымы бар. Ошондой эле Нарын шаарынын борбордук жолу, ички жолдор, айыл аралык жолдор асфальтталат.
Нарында жалпы автомобиль жолдорунун узундугу 3775 чакырымды түзүп, аны Жол чарба департаментинин Нарын обусундагы №2 -аймактык бөлүмү тейлейт. Учурда жол тейлөө мекемелеринде 96 оң абалдагы техникалар болсо, анын 18и өткөн жылы жаңы алынган.















