DOLON MEDIA

“Улуттук дем- дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу

М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу драма театрында “Бир максат, бир багыт- уңгу жол жана аялдардын биримдиги” деген темада облустук алкакта форум өттү.
Форум президенттин “Улуттук дем- дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу Жарлыгы алкагында уюштурулуп, ага КР Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев, президенттик администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысынын орун басары – саясатты иштеп чыгуу, реформаларга мониторинг жүргүзүү, талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев, Кыргызстан Аялдар кеңешинин төрайымы Дамира Ниязалиева жана бир катар коомдук, саясий ишмерлер катышты.
Алгач келген меймандарга кыргыздын жашоосун чагылдырган улуттук буюм- тайымдардын көргөзмөсү тааныштырылып, улуттук каада-салт, нарк-насилди таанытууда жана кол өнөрчүлүктү жайылтууда аткарылып жаткан иштер тууралуу маалыматтар берилди.
Иш-чарада Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов кылымдарды карыткан кыргыз элинин жана мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшү, тарыхтагы басып өткөн татаал жолу тууралуу кеп кылып, өлкөнүн эгемендик өлкө болушуна элдин биримдиги, ынтымагы жана өнүгүүгө болгон талыбаган кадамы чоң өбөлгө болгонун кошумчалады. Ошондой эле улуттук идеологияны, нарк-насилди кармануу менен дүйнөгө таанылган экономикалык кубаттуу мамлекет болуу максат кылынганын белгиледи.
Акыркы жылдары өлкө өнүгүү жолуна кадам алып, бардык тармактарда көрсөткүчтөр жогорулап, өсүү бар экенин баса белгилеген Марат Иманкулов, Евразия экономикалык биримдиги алкагындагы мамлекеттер арасында экономикалык өнүгүү темпи боюнча 11 пайыз менен Кыргызстан биринчи орунга чыкканын, бул үчүн ынтымак жана биримдик маанилүү экенин айтты.
“Уңгу жол- таалим-тарбия, илим-билим жана маданияттан башталат, анын башаты эненин сүтү менен берилет. Балдарга “Манас” эпосун окутуу зарыл. Эне улуттук дем бергенде баатырлар төрөлөт. Уңгу жолду жайылтууда, улуттук коопсуздукту камсыз кылууда элдин ынтымагы жана биримдиги башкы орунда. Андыктан энелер өсүп келе жаткан муунга билим берүүдө активдүү катышып берүүңүздөр зарыл”,- деди М.Иманкулов.
Ошондой эле ал айымдардын коомдогу ордун белгилеп, уңгу жолду жайылтуудагы аялдар кеңештеринин аракеттерине ыраазычылык билдирип, китеп окуу маданиятын жайылтуу мезгил талабы экенин өзгөчө белгиледи.
Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.