DOLON MEDIA

Үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө үч бөлмөлүү батирдин сертификаты тапшырылды

25-октябрь  күнү Нарын шаарында жарыкка келген үч эмдин ата-энесине  президенттин атынан үч бөлмөлүү батир менен 500 миң сомдын сертификаты тапшырылды. Аны УКМкнын төрагасы Камчыбек Ташиев тапшырып кыздарга өмүр каалап, ата-энесине күч кубат, бактылуу үй-бүлө болушун тилек кылып, көп балалуу болууга үндөдү.

Ал эми дубан башчы Алтынбек Эргешов  35 миң сомдун сертификатын ыйгарды. Нарын шаардык мэриясы буга чейин 30 миң сомдун сертификатын тапшырган болчу.

Кыздарга Ажар, Анара, Саадат деген ысымдар коюлган. Учурда эне-балдардын абалы тутуктуу, эне сүтү менен багылууда. Биринчи кыз – 2 кг 320 гр, экинчи кыз – 2 кг 472 гр, үчүнчү кыз – 1 кг 620 гр салмак менен төрөлгөн. Үч эм кыз жаш үй-бүлөнүн биринчи балдары. Нарын шаарында мындан 16 жыл мурун үч эм балдар төрөлгөн.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.