DOLON MEDIA

Түркия Кыргызстандын тышкы карызын кечти

Түркия Кыргызстандын тышкы карызын кечкени эки тараптуу алаканы өнүктүрүүгө салым кошот. Бул тууралуу саясат таануучу, Евразия стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору Бакыт Жумагулов “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Түркия Кыргызстандын тышкы карызынын 62 млн долларын кечти. Бул каражат экологиялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталат.

“Эгемен Түркия Кыргызстандын көз карандысыздыгына ээ болгондугун биринчилерден болуп тааныган. Себеби Советтер Союзунун маалында Түркия жападан жалгыз түрк тилдүү мамлекет болгон. Учурда ал мамлекеттердин саны бешке жетип, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан кошулду. Бул өз кезегинде түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтыгын алдыга жылдырды. Бүгүн Кыргызстандын тышкы карызын Түркия кечип жатканы эки өлкөнүн бири-бири менен болгон достугун, кызматташтыгын өнүктүрүү менен, биримдикти бекемдөөгө салым кошот деп айтсак жаңылышпайбыз”, – деди саясат таануучу.

Белгилей кетсек, Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган мамлекеттик сапары менен Кыргызстанда жүрөт. Саналуу мүнөт мурда президент Садыр Жапаров менен Реджеп Тайип Эрдоган ЖМКга билдирүү жасашты. Анда Садыр Жапаров Түркия тышкы карызды кечкенин айтты.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.